Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

Словакия Көлндөгү кол салуудан кийин Евробиримдикти саммитке чакырууда


Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Көлн жана Германиянын башка шаарларындагы аялдарга кол салууга байланыштуу Евробиримдикти чукул саммит өткөрүүгө чакырууда. Анда чек араларда көзөмөлдү күчөтүү маселесин талкуулоону сунуштаган.

Жаңы жыл түнү коомдук коопсуздукту жана жалпы абалды көзөмөлдөй албады деген негизде кечээ, 8-январда Көлндүн полиция башчысы Вольфганг Алберс иштен алынган.

Буга чейин Германия бийликтери жаңы жылдынг алдында Көлн шаарынын бекетинде аялдарга кол салып, ыдык көрсөткөндөрдүн 18и баш калка үчүн арыз берген качкындар экени аныкталганын билдирген. Жаңы жылга оогон түнү полиция уурдоо, тоноо жана денеге залал келтирүүгө байланышкан 32 кылмыштык аракетти каттаган. Арыздангандардын басымдуу бөлүгү аялдар болгон. Көлндөгү мындай зордукчул аракеттер Германиянын бир катар шаарларында нааразылык толкунун жараткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG