Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Белгород: бейтапты сабаган дарыгерге кылмыш иши козголду


Орусиянын Тергөө комитети Белгороддогу ооруканалардын биринде бейтапты өлөрчө сабаган дарыгерге карата кылмыш ишин козгоду. Алдын ала маалыматка караганда, дарыгер медайымга тийишкен оорулууга жинденип, ортодо чатак чыккан. Катуу соккудан кулаган адамдын баш мээси жабыркап, алган жарааттан улам ал каза болгон. Окуя Жаңы жыл алдында катталган.

Учурда “Байкабастыктан өлүмгө дуушар кылуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Окуя оорукананын видеокамерасына жазылып калган. Кийин аны “360” телеканалы көрсөтүп, социалдык тармактарда ал кызуу талкууга алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG