Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:29

Алиев: Тамакка ууланган эки кишинин абалы оор


Бул тууралуу “Азаттыкка” республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы даргери Гүлжигит Алиев кабарлады. Анын айтымында, жыл башынан бери 20 киши тамак-ашка ууланып ооруканага кайрылган. Алардын баары ботулизм дартына чалдыкканы аныкталды. Учурда Тогуз-Тородон келген эки бейтаптын абалы оор. Алар реанимация бөлүмүндө жатат.

7-январь күнү республикалык ооруканага Тогуз-Тородон жана Кочкордон консервага ууланган 14 киши келип түшкөн. Алардын бири жаш бала. Консерваланган азыктан ууланган эки киши ооруканага жетпей каза болгон.

Саламаттык сактоо министрлиги үй шартында даярдалган консерва азыктарынан уулануу көп болуп жаткандыгын белгилеп, мындай тамактан баш тартууга чакырууда.(КЕ)

XS
SM
MD
LG