Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Өкмөт валюта мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо


Кыргыз өкмөтү өлкө аймагында сатылып жаткан товарлардын, авиабилеттердин жана турак-жайлардын наркын чет элдик валютада эмес, сомго баалоону сунуштаган мыйзам долбоорун иштеп жатат. Буга байланыштуу мыйзам долбоор жакын арада Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. Бул туурасында “Азаттыкка” Мамлекеттик монополияга каршы башкаруу агенттигинин директору Болсунбек Казаков билдирди.

- Мыйзам кабыл алынмайын сатуучулар менен сатып алуучуларды көзөмөлгө алуу кыйынга турууда. Биздин мыйзамдар боюнча Кыргызстан эркин рынок болуп эсептелет, мындан улам бардык валюталарды жүгүртүүгө болот.

Мыйзам кабыл алынса, көзөмөлдү Экономика министрлиги жүргүзөт. Мыйзамды аткарбагандар айып пул төлөйт. Учурда өкмөт ири компанияларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Өткөн жыл соңунда премьер-министр Темир Сариев валюта рыногундагы соңку кырдаалга токтолуп, мамлекеттик органдар бардык эсептешүүлөрдү улуттук валютада гана жүргүзүшү керектигин айткан. (IIK/KE)

XS
SM
MD
LG