Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

Египет соту Мубарактын арызын кароодон баш тартты


Хосни Мубарак
Хосни Мубарак

Египеттин апелляциялык соту мурдагы президент Хосни Мубарактын арызын кароодон баш тартты. Мубарак өзүн жана анын эки баласын коррупцияга айыптап, үч жылга кескен соттун өкүмүнө каршы арызданган.

2015-жылдын башында өлкөнүн прокуратурасы мурдагы президент балдары менен президенттик сарайды оңдоп-түзөө фондунан 17 млн. долларды кымырып алганын айткан. Өткөн жылдын май айында Каир соту бул сумманын үстүнө 2,5 млн. доллар кошуп төлөө чечимин чыгарган. Ошондой эле Мубаракты жана анын эки уулун үч жылга эркинен ажыраткан.

88 жаштагы Хосни Мубарак 2011-жылдагы массалык башаламандыктар учурунда 800 кишини өлтүргөн деп айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин соттолгон. Кийин Египетти 30 жыл башкарган Мубарактан демонстранттардын өлүмү боюнча айыптар 2014-жылы ноябрда алынып салынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG