Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:03

Каирде полициянын полковнигин атып кетишти


Египеттин борбору Каирдин четинде белгисиз адамдар полициянын полковнигин жана анын жанында жүргөн катардагы кызматкерди атып кетишти. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 8-январда шаардын түштүгүндө кызматка бараткан полковниктин машинасына ок атылган.

Ушул эле күнү курорттук Хургада шаарындагы Bella Vista отелине кол салуу болуп үч турист жабыркаган. Кол салгандар “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун мүчөлөрү экени айтылууда. Бирок кол салуу боюнча жоопкерчиликти эч ким ала элек. Мунун алдында согушкерлер Каирде израилдик туристтерге ок чыгарган. Жабыркагандар болгон эмес. (КЕ)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG