Өткөн жылы 2,6 миңдей адам Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кайрылса, алардын басымдуу бөлүгү - 31% мамлекеттик жөлөкпул алуу өтүнүчүн айтышкан. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Арыздангандардын экинчи бөлүгү (14,5) майыптарга көрсөтүлгөн кызмат тууралуу болгон. Кайрылуулардын тогуз пайызга жакынын үй-бүлө жана балдарга байланыштуу арыздар түзөт. Мындан сырткары жарандар материалдык жардам көрсөтүү, укуктук маселелер, жумушка орноштуруу маселелери боюнча кайрылышкан. Жалпы арыздардын 43% Бишкек шаарынан келген.
Буга чейин министр Кудайберген Базарабев БУУнун Азык-түлүк программасынын өкүлдөрү менен жолуккан учурда Кыргызстанда жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдүн саны азайганын билдирген болчу. 2015-жылы жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдүн саны 13 миңге кыскарган. Учурда 297 миң киши мамлекеттик колдоого муктаж. (КЕ)