Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Көлн: PEGIDA активисттери менен полиция кагылышты


PEGIDA кыймылынын антиисламчы жүрүшөрүнүн бири
PEGIDA кыймылынын антиисламчы жүрүшөрүнүн бири

Кечээ, 9-январда PEGIDA-Патриот европалыктар Батыштын исламдашуусуна каршы кыймылынын активисттери менен полиция кагылышты. Жаңы жыл түнү Германиянын Көлн жана башка бир катар шаарларында аялдарга кол салып, ыдык көрсөткөн мигранттарга каршы нааразылыкка чыккан кыймылдын өкүлдөрү полицияга бөтөлкө жана петарда ыргытышкан. Полиция аларды суу менен аткылаган.

Мунун алдында Германиянын канцлери Ангела Меркелдин партиясы качкындарга башкалка берүү жолдорун катаалдантууну сунуштаган болчу. Анда бир нече кылмыш кылган качкындарды өз өлкөсүнө чыгаруу укугун бийликке берүү каралган. Бул сунуш көпчүлүк коалицияда талкууланган соң парламенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Буга чейин Германия бийликтери жаңы жыл түнү Көлн шаарынын бекетинде аялдарга кол салып, ыдык көрсөткөндөрдүн 18и башкалка үчүн арыз берген качкындар экени аныкталганын билдирген. Майрам түнү кол салуу боюнча жалпысынан 400гө чукул арыз келип түшсө, алардын 40% сексуалдык мүнөздө болгонун айтышкан. Полиция кылмышка шектүүлөрдүн басымдуу бөлүгү Түндүк Африкадан келген качкындар экенин билдирүүдө. Алардын көбү Германияда мыйзамсыз жүрүшөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG