Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Аба ырайы: чукул билдирүү


2016-жылдын 10-11-январында жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош авто жолунун 121-138, 198-265-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90- чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

11-январда түнкүсүн жаан жаабайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын болушу мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13 градус;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -19…-24, күндүз -6…-11 суук;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11 градус жылуу болот.

Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12 градус.

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13 градус жылуу.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүзү 3…8 градус жылуу.

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -5…-10 градуска чейин төмөндөйт.

11-январда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2 градус жылуу, күндүз 10…12 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG