Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Исламабадда Ооганстандагы абал талкууланат


"Талибандын" согушкерлери
"Талибандын" согушкерлери

Дүйшөмбү күнү Пакистанда Ооганстандагы абалды жөнгө салуу боюнча маселе талкууланат. Исламабадда өтчү сүйлөшүүгө эки кошуна өлкөдөн сырткары, АКШ жана Кытай катышат. Анда негизинен “тынчтык тууралуу сүйлөшүүнүн жол картасы” талкууга алынарын жана анын темасы декабрда макулдашылганын Ооганстан Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Ахмад Шекиб Мустагни билдирди.

Сүйлөшүүгө “Талибандын” өкүлдөрү катышпайт. Пакистан менен Ооганстан "Талибанды" колдойт деп бири-бирин айыптап келет.

Ооган өкмөтү менен "Талибан" ортосунда башталган тынчтык сүйлөшүүлөрү кыймылдын башчысы Молдо Омардын өлгөнү тастыкталган соң үзгүлтүккө учураган. Ал эми ишемби күнү Ооганстандагы жарандык активисттер тынчтык диалогун жүргүзүп, аялдар менен адам укуктары талкуунун негизги темасы болушу керектигин айтып чыгышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG