Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:47

Иран тышкы иштер министри Сауд Арабияны дагы айыптады


Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф (оңдо) БУУнун Сириядагы атайын өкүлү Стефан де Мицура менен жолугушууда. Тегеран, 10.01.2016
Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф (оңдо) БУУнун Сириядагы атайын өкүлү Стефан де Мицура менен жолугушууда. Тегеран, 10.01.2016

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Сауд Арабия Сириядагы урушту жөнгө салуу сүйлөшүүлөрүн үзгүлтүккө учуратуу үчүн Тегеран менен дипломатиялык жаңжалды пайдаланып жатат деп айыптады. Министр анын өлкөсү саудиялыктардын сүйлөшүүлөргө залака тийгизүүсүнө жол бербесин белгиледи.

Ирандын башкы дипломаты мындай билдирүүнү БУУнун Сириядагы атайын өкүлү Стефан де Мицуранын Тегеранга расмий визитин утурлай жасады. Өткөн жумада Сауд Арабияда шииттердин белгилүү диниятчысы өлүм жазасына тартылгандан кийин тутанган чатактан улам Эр Рияд Иран менен дипломатиялык алакаларын токтоткон. Декабрда БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картасын бир жобуштан жактырган. Бирок эми Сауд Арабия менен Иран ортосундагы талаш тынчтык процессине терс таасир тийгизиши мүмкүн деген кооптонуулар пайда болду.

XS
SM
MD
LG