Пакистан армиясынын башчысы Рахил Шариф Сауд Аравиясынын аймактык бүтүндүгүнө коркунуч келтирүү Исламабаддын катуу реакциясын жаратат деди. Пакистан жана Сауд Аравиясынын аскер жетекчилери 10-январда Исламабадда жолугушту. Сауд Аравиясынын өкмөтү Иран менен дипломатиялык жаңжал күчөп турган мезгилде ар тараптан колдоо алууну күчөтүүнү көздөөдө. Сауд Аравиясынын коргоо министри Мухаммед бен Салмандын бир күндүк сапарына чейин 7-январда бул өлкөнүн тышкы иштер министри Адель аль-Жубейр Пакистанда болуп, Эр-Рияд менен Тегерандын ортосундагы дипломатиялык жаңжалды жана Пакистандын Сауд Аравиясы жетектеген антитеррордук коалициясына кирүүсүн талкуулаган. Пакистан антитеррордук коалицияга кире элек. (AiT)