Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

Иран: Сауд Аравия Сирия сүйлөшүүсүнө тоскоолдук кылууну көздөөдө


Эр-Рияддын дарегине мындай айыптоону Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф 10-январда жолдоду.

“Сауд Аравиянын аракети Сирия кризисин чечүүгө тескери таасир этүүнү көздөйт” деп белгиленген Зарифдин билдирүүсүндө. Тегеран “саудиттердин мындай аракети тескери натыйжа беришине жол бербейт” деди Зариф. Иран тышкы иштер министринин билдирүүсү Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча өкүлү Стеффан де Мистуранын Тегеранга сапарына тушташ айтылды. БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сирияда тынчтыкты орнотуу планын бекиткен. Бирок азыркы кезде Иран менен Сауд Аравиясынын ортосундагы келишпестик тынчтык сүйлөшүүгө тескери таасирин тийгизет деген чочулоо бар. (AiT)

XS
SM
MD
LG