Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:43

Бир суткада жети өрт кырсыгы катталды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Бишкектин 6-кичи районунда батир өрттөнүп, андагы тиричилик техникасы, эмеректер күйүп кеткен. Түтүнгө ууланган үй ээси куткарылып, бирок ооруканага жетпей каза болду.

Өткөн түнү тилсиз жоо көбүнчө Бишкекте катталган. Отко этиятсыз мамиле жасагандан улам шаардагы мончо жана турак үй өрттөнгөн. Учурда анын себептери такталууда.

Расмий маалыматка ылайык, өткөн жылы жалпы өлкө боюнча 3932 өрт кырсыгы катталып, 43 адам бул дүйнө менен кош айтышкан. 111 киши куткарылган. Өрт келтирген материалдык зыяндардын көлөмү 296 млн. сомду түзгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG