Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Кыргызстандын жаш футболчулары Орусиянын «Сатурн» клубун утуп алды


Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы
Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курама командасы (U-22) Орусиянын “Сатурн” (Раменское) клубун 4:2 эсебинде утуп алды. Футбол боюнча федерациядан билдиришкендей, оюн 9-январда Москва шаарынын четиндеги «Новогорск» машыгуу борборунда өткөн. Таймаш шериктештик кубогуна даярданууга карата жүрүп жаткан машыгуунун алкагында болду. Бул беттеште кыргыз тарапка таандык голдорду Ахлидин Исраилов, Абай Боколеев, Фархат Мусабеков жана Роман Левченко киргизген.

Шериктештик кубогу 17-январда Санкт-Петербург шаарында башталып, 23-январга чейин уланат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Беларус, Латвия, Молдова, Тажикстан жана Эстониянын 22 жашка чейинки футболчуларынан куралган командалары катышат. Кыргызстан “А” тайпасында Беларус, Молдова жана Казакстан менен күч сынашат. Учурда кыргыз футболчулары Москвадагы "Динамо" клубунун базасында машыгууда. (ECh)

XS
SM
MD
LG