Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Базар-Коргондогу чатакты этностор аралык агенттик териштирет


Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон айылында жергиликтүү депутаттар менен аялдар ортосунда чыккан жаңжалды Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик териштирет. Бул тууралуу агенттиктин райондогу коомдук кабылдамасынын жооптуу катчысы Эмил Досов “Азаттыкка” билдирди.

Окуя 6-январда катталган. Маалыматка караганда, жаалданган аялдардын тобу 2015-жылдын 25-декабрында депутаттардын сессиясында шайланган төрага Ш. Шариповдун иштөөсүнө тоскоолдук көрсөтүп, анын улутуна асылышкан, кызматтан кетүүсүнө мажбурлап арыз жаздырышкан.

“Жогорудагы маселе боюнча агенттик жана аймактагы укук коргоо органдары териштирүү иштерин жүргүзүшү керек. Кээ бир адамдар өз кызыкчылыгы үчүн улут аралык маселени көтөрүп жатышат”, - деди Досов.

Айылдык кеңештин 31 депутатынын 8и кыргыз жана калганы өзбек тектүүлөр. (RsK)

XS
SM
MD
LG