Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:27

Леонардо Ди Каприо “Алтын глобусту” алды


Алехандро Иньярриту жана Леонардо Ди Каприо сыйлык тапшыруу аземинде. 11-январь, 2016-ж.
Алехандро Иньярриту жана Леонардо Ди Каприо сыйлык тапшыруу аземинде. 11-январь, 2016-ж.

Лос-Анжелесте Эл аралык кинопресса ассоциациясынын “Алтын глобус” сыйлыгын 73-жолу ыйгаруу салтанаты өттү. Анда “Алтын глобустун” башкы сыйлыгын режиссер Алехандро Иньярритунун “Тирүү калган” (The Revenant) тасмасы жеңип алды. Тасмадагы башкы каармандын ролун аткарган Леонардо Ди Каприо "Мыкты актер" сыйлыгына татыды. Бри Ларсон мыкты актриса болсо, “Саулдун уулу” мыкты чет элдик тасма деп табылды. Ал эми “Марстын тургуну” мыкты комедиялык тасма, "Стив Жобс" мыкты сценарий, “Робот мырза” мыкты сериал номинациясы боюнча сыйлак алды. “Спектр” мыкты оригиналдуу ыр деп табылды. Ал эми Сесила Де Милля атындагы ардактуу сыйлыкты актер Дензел Вашингтон алды.

“Алтын глобус” сыйлыгы 25 номинация боюнча берилет. Анын 14ү кино, 11и телеэкрандагы эмгектер үчүн ыйгарылат. Серепчилер “Алтын глобус” сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн Америкалык киноакадемиянын “Оскар” сыйлыгына татыктуу талапкерлер катары баалап келет. (SA/КЕ)

XS
SM
MD
LG