Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Актер Шон Пенн наркобарон менен маек үчүн сындалууда


Шон Пенн жана Хоакин Гусман
Шон Пенн жана Хоакин Гусман

Америкалык Rolling Stone журналы жана Оскардын лауреаты, америкалык актер Шон Пенн издөөдө жүргөн мексикалык наркобарон Хоакин Гусман менен маек үчүн сынга кабылышты. Шон Пенн жана мексикалык сериалдардын жылдызы Кэйт дель Кастильо былтыр октябрда ири наркокартелдин ана башы менен ал абактан качкандан 3 ай өткөндөн кийин Мексикада жолугушкан. "Эль Чапо" деген атка конгон Гусман түрмөдөн жуунган жерде казылган тоннель аркылуу качып кеткен. Маалыматтарга караганда, наркобарон Голливуд ал жөнүндө фильм тартсын деп, планын актер менен талкуулоону каалаган. Жети саатка созулган кездешүү кылмышкердин кайда экенин аныктоого мүмкүнчүлүк берип, полиция анын изине түшкөн жана быйыл 8-январда кайрадан камакка алды, - деп ырасташууда Мексика бийлигиндеги булактар.

Ошол интервью сөз болгон басылмада 9-январда жарык көрдү.

Ак үйдүн жогорку өкүлү Гусмандын Кошмо Штаттарга маңзаттарын оңой эле ташыйбыз деп мактанган сөздөрүн эске салып, “Шон Пеннге жана ошол долбоордун калган катышуучуларына көп суроо жараларын” айтты.

Өткөн дем алышта Мексика бийлиги Гусманды өтө чоң көлөмдөгү наркоаткезчилик үчүн айыпталган АКШга экстрадициялоо процессин башташарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG