Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:27

Путин Еврошаркеттин санкцияларын "абсурд" деп атады


Владимир Путин
Владимир Путин

Президент Владимир Путин Европа биримдиги Орусияга каршы киргизген санкцияларды “абсурд театры” деп атады. Германиянын "Билд" гезитине 11-январда берген интервьюсунда орус лидери "Москва Крымда эл аралык мыйзамдарды бузган эмес, Улуттар уюмунун уставына ылайык, ар бир эл өз тагдырын өзү аныктоого укуктуу, ал эми орусиялык аскерлер жарым аралга референдумга кимдир бирөөлөрдүн аралашуусун алдын алуу үчүн жөнөтүлгөн" деди.

Эл аралык мыйзамдар боюнча Орусия 2014-жылдын мартында Крымды аннексиялагандан кийин Украинанын жарым аралы “оккупацияланган аймак” деп каралууда.

Интервьюда Путин НАТОнун Чыгышка карай кеңейишин сындады. Ошондой эле Батыш Жакынкы Чыгыштагы саясатка аралашпаса, Европага мынчалык качкын агылбайт эле деген оюн ортого салды.

Президент Орусия СССРдин ыдырашынан кийин кетирген каталарга токтолуп, өлкө башынан эле өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын жарыяласа, дүйнө азыркыга караганда тең салмактуурак болмок деп айтты.

Мамлекет башчы экономикага мунай менен газ бааларынын төмөндөшү терс таасир тийгизип жатканын, ошол эле маалда бул жагдай экономиканын жанданышына салым кошоорун белгиледи.

XS
SM
MD
LG