Бул тууралуу Таш-Тумшук айылдык милиция бөлүмчөсүнөн Заирбек Темиров билдирди. Анын айтымында, 7-декабрда кыргыз-тажик чек арасындагы таш атышуудан жабыркагандарга эки тарап 1500 сомдон төлөп беришти. Мындан тышкары жергиликтүү милиция кызматкерлерине жаңжалдарды алдын алуу боюнча атайын иш мерчемдер тапшырылган.
Өткөн жылы 7-декабрда Баткен районунун Тажикстан менен чектеш Көк-Таш айылынын орто мектебинин айнектери, тажик тараптан бир машиненин чырактары талкаланган. Бул окуядан кийин эки тарап жолугушуп, эки өлкө бир жарым миң сомдон төлөп, жаңжал уюштургандарды жоопко тартууну макулдашкан. (JsA)