Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:26

Жалал-Абадда өткөн жылы тургундардан 137 курал алынган


Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдирди. Маалыматта караганда, эски жыл ичинде элдин колунан 54 мыйзамсыз курал алынса, 83ү өз ыктыяры менен тапшырышкан.

Мындан сырткары тогуз даана жарылуучу граната жана сегиз ок атуучу куралдын октору табылган. Ошондой эле 1900гө жакын мергенчинин куралы текшерилип, аларга 90дон ашык протокол жазылган. Быйыл болсо он күн аралыгында жети ок атуучу курал табылган. (RsK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG