Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:01

Париж Сирия менен Орусияны жай тургундарга сокку урууну токтотууга үндөдү


Франция Сирия өкмөтүн жана өнөктөшү Москваны тынч жарандарга каршы аскердик операцияны токтотууга үндөдү. Француз тышкы иштер министри Лоран Фабиус өкмөттүк армиянын камоолунда калган Мадайя шаарындагы абалды өзгөчө баса белгиледи.

Гуманитардык уюмдар жергиликтүү тургундар ачарчылыктан, дары-дармектин тартыштыгынан жапа чегип жатканын ырасташууда. Фабиус Франция Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши менен консультация өткөрүп, Дамаск бийлигине андай чабуулдарды токтотуу талабын коёрун билдирди.

Сириядагы операцияны сентябрдын аягында баштаган Орусия карапайым калкка сокку урулбаганын, согушкерлер гана бутага алынганын айтып келатат.

Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр эки аптадан кийин башталууга тийиш.

XS
SM
MD
LG