Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Иран президенти санкциялар алынганда экономика өнүгөт деп ишенет


Ирандын президенти Хасан Роухани
Ирандын президенти Хасан Роухани

Ирандын президенти Хасан Роухани эл аралык санкциялар алынгандан кийин өлкө экономикасынын өнүгүүсү күтүлүп жатканын айтты. Тегеран менен дүйнөлүк алты держава өткөн июлда жетишкен келишимге ылайык Иран атомдук программасын чектейт, бул үчүн өлкөгө каршы киргизилген жазалоочу чаралар бара-бара алынмакчы.

"Өкмөт санкциялар шартында өлкөнү башкарып келатат", - деген Роухани экономикалык жана соода чектөөлөрү жакын арада алынат деп үмүттөнөрүн кошумчалады.

Анын алдында Евробиримдиктин тышкы саясатынын жетекчиси Федерика Могерини Иранга каршы санкциялар жакынкы күндөрү алынышы мүмкүн деп билдирген. Прагада чех тышкы иштер министри Любомир Заоралек менен жолугушуудан киийнки пресс-конференцияда Могерини азырынча так дата аныктала электигин, бирок “келишимди ишке ашыруу жакшы жүрүп жатканын” белгиледи.

XS
SM
MD
LG