Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Путин ЕБнын санкциясын "акылга сыйбаган иш" катары баалады


Путин "Билд" гезитинин журналисттери менен маектешүүдө. Сочи, 11-январь, 2016-жыл.

Москванын Украинанын ички ишине кийлигишүүсүнө байланыштуу Европа биримдиги кабыл алган санкцияларды Владимир Путин “абсурд” деп атады. Германиянын “Билд” журналына 11-январда жарыяланган маегинде Путин, “Европа биримдиги санкциялар менен эмнеге жетишти? Эч нерсеге жетишкен жок. Ал абсурд театры” деди.

Ошол эле учурда Путин санкциялар Орусиянын эл аралык финансылык базарга кирүүсүнө тоскоолдук жасап жатканын, бирок орус экономикасына олуттуу зыян Орусия экспорттогон мунай, газ жана башка чийки заттарга баанын түшүүсүнөн келип жатканын белгиледи. Интервьюда орус президенти Крым Орусияга “демократиялык жолдор” менен кошулду деп билдирди.

Крымда референдум Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө өткөрүлүп, ал Бириккен улуттар уюмунда 100дөн ашуун мамлекет тарабынан мыйзамсыз аракет катары бааланган. (AiT)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG