Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Сауд Арабия элчилигине кол салууга байланыштуу Иран аткаминери иштен алынды


Тегерандагы Сауд Арабиянын элчилигине кол салуу учурунан, 3-январь, 2015-жыл.
Тегерандагы Сауд Арабиянын элчилигине кол салуу учурунан, 3-январь, 2015-жыл.

Иран бийлиги Тегерандагы Сауд Арабиянын элчилигине кол салуу боюнча Эр-Рияддын коопсуздук багытындагы айыптоолорун төгүнгө чыгарды. 2-январда болгон бул окуядан кийин Сауд Арабия жана анын союздаштары Иран менен дипломатиялык мамилесин үзүүгө барган эле.

Ирандын ички иштер министрлиги Сауд Арабиянын элчилигине кол салууну иликтеп, анын алдын ала жыйынтыктары боюнча Тегерандын губернаторунун коопсуздук боюнча орун басары Сафар Али Баратли кызматынан бошотулганын 11-январда билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG