Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

БШК Жыргалбек Саматовго мандатын кайтарды


Жыргалбек Саматов.
Жыргалбек Саматов.

Бул тууралуу Жыргалбек Саматов 11-январда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, 11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында ага Жогорку Кеңештин депутаты мандатын кайрадан берди. БШК мына ушуну менен Саматовдун мандатын эки жолу алып, үчүнчүсүндө кайра берди. Жыргалбек Саматов “Республика Ата Журт” партиясынын тизмесинен депутат болуп шайланган.

Бирок өзүнө бөлүнгөн округдан жетиштүү добуш алалган эмес деп, мурун жазылып коюлган арыздын негизинде партия жетекчилигинин сунушу менен тизмеден чыгарылган. Андан кийин Саматов Орусиянын жараны деген такталбаган маалыматтардын негизинде БШК тарабынан мандатынан ажыратылган эле. Жыргалбек Саматов сотко кайрылып, өзүнүн укугун коргорун белгиледи. (AiT)

XS
SM
MD
LG