Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:35

Кыргызстандык компаниялар эл аралык туристтик көргөзмөгө катышты


Караколдогу лыжа базасы, Кыргызстан
Караколдогу лыжа базасы, Кыргызстан

Кыргызстандын туристтик компаниялары Амстердам шаарында өткөн эл аралык көргөзмөгө катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Amsterdam Fair for Special Journey 2016 деген аталыштагы эл аралык иш-чарага “Кыргыз Мурас”, “Экотур” жана чет элдик Kosmostrip, Battuta, Sovjet Reizen, Аtma Asia Travel операторлдору чет элдик туристтерди тартууда Кыргызстандын туристтик мүмкүчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Адистердин айтымында, соңку эки жылда Кыргызстанга чет жактан келген туристтердин саны өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өткөн жылдын тогуз айында өлкөдө 1 млн. 156 миң турист катталса, анын 820 миңи жайында Ысык-Көлгө эс алууга келгендер. Эс алуучулардын 70 пайыздан ашыгы жергиликтүү жарандар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG