Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

Автоунаа жана үйлөрдү милдеттүү камсыздоо 7-февралдан башталат


Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлгө алуу кызматынын башчысы Санжар Муканбетов билдирди. Анын айтуусунда, автоунааларды милдеттүү камсыздоодон өткөрүү үчүн 2,5 ай уруксат берилет. Ал эми жарандар үйлөрүн 4 айдын ичинде каттоодон өткөрүшү керек. Ушул мөөнөт ичинде машинасын камсыздоодон өткөрүп, катталбаган жарандар айып пул төлөшөт. Муканбетовдун белгилешинче, автоунааларды камсыздоо үчүн жылына төлөнчү каражат үч миң сомдон башталат. Ал эми үйлөргө айыл жеринде 600, шаарда 1200 сомдон жогору төлөнөрү айтылды.

Турак жайларды камсыздандыруудан өткөрүү үчүн мамлекеттик компания иштейт. Ал эми машиналар жеке камсыздандыруу компанияларына катталса да болот. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 1 млн. 100 миң машина, 1 млн. турак үй бар.

Өрт чалуу, жер титирөө, суу ташкыны жана башка табигый кырсыктар болгон учурда үй ээси зыяндын өлчөмүнө жана үйдүн баасына карап, орто эсеп менен 10 миң АКШ долларын камсыздандыруу компаниясынан ала алат.

Кыргызстанда жыйырмага жетпеген камсыздандыруу ишканасы бар, аларда ыктыярдуу түрдө турак жайын же башка кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн камсыздандырган адамдар саналуу. Ушул тапта турак жайды камсыздандыруу багытындагы мыйзам коңшу Казакстан жана Орусияда каралып жатса, ал эми Батыш өлкөлөрүндө бир топ жылдан бери иштеп келатат. (КЕ/SDz)

XS
SM
MD
LG