Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:02

Нарын: Түркияга ишке орноштуруу агенттигинин кеңсеси ачылды


Нарын шаарына «Лина-Тур» туристтик агенттиги кеңсесин ачып, жергиликтүүлөр менен жыйналыш өткөрдү. Ага 100гө чукул киши катышып, Түркиядагы мейманканаларда иштөө шарттары айтылды. Аталган туристтик агенттиктин жетекчиси Халюк Атлы учурдагы Түркия менен Орусиянын саясий мамилесинен улам туристтик сезон үзгүлтүккө учурабайт деп нарындыктарды ишендирди. Ал түркиялык бир нече мейманканалар менен сүйлөшүп, анда кыргызстандыктарга миңге чукул жумуш орун берилерин убада кылды.

Учурда облус боюнча калктын 9,5% жумушсуз, ал эми өткөн жылы бул көрсөткүч 10% болчу. Ал эми облус боюнча жумуш издеп расмий каттоодо тургандар сегиз миң кишиден ашат, алардын 52% - 28 жашка чейинки жаштар түзөт. (MiK)

XS
SM
MD
LG