Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:36

Муканбетов: Туристтердин унаалары да камсыздандырылат


7-февралдан өз унаасы менен өлкөгө келген эс алуучулар да унаасын камсыздандыруудан өтүшү керек. Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлгө алуу кызматынын башчысы Санжар Муканбетовдун “Азаттыкка” билдиришинче, Кыргызстандын ичине кандай гана унаалар кирбесин, камсыздандыруудан өтүүсү талап кылынат.

- Транзиттик унаалар болобу, туристтердин унаалары болобу, бардыгы камсыздандыруудан өтүшү керек. Бул үчүн алар бир жылдык акыны төлөбөй убактылуу камсыздандыруудан өтсө болот. Мыйзамга ылайык 5-10 күндүк, бир айлык камсыздандыруудан өтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Туристтер же Кытайдан келип жаткан оор жүк ташуучу унаалар ушундай убактылуу камсыздандыруудан өтүп турса болот.

Муканбетов кошумчалагандай, убактылуу камсыздандыруунун баасы, мөөнөтүнө жараша негизги баага салыштырмалуу 10 пайызга арзан болот.

Кыргызстандагы бардык авто унаалар 7-февралдан тарта милдеттүү камсыздандыруу жөрөлгөсүнөн өтө башташат. Болжол менен камсыздандыруунун жылдык баасы 3 миң сомдон башталат. Өлкөдө 1 млн. 100 миң машина катталган. (SDz)

XS
SM
MD
LG