Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:10

Бишкекте рак оорулуулар радиотерапия алалбай жатышат

Улуттук онкологиялык борбордун радиогинекология бөлүмүндөгү жатындын рак шишигин дарылай турган радио-нур аппаратынын бирөөсү 2013-жылдан бери иштебей, бейтаптар Казакстан жана Орусия сыяктуу коңшу өлкөлөргө ири каражат коротуп барып келишке мажбур. Мындай маалыматты “Азаттыкка” бөлүмдүн башчысы Чынара Батырканова ырастады.

Жылына Кыргызстан боюнча 500-600 аялга жатын моюнчасынын залалдуу шишиги диагнозу коюлат. Бишкектеги Улуттук онкологиялык ооруканада бул дартты сыртынан күйгүзө турган радио-нур жабдуусу болгону менен, ичинен күйгүзгөн аппарат 2 жарым жылдан ашуун иштебей турат.

Мындай жабдуунун жаңысы 32 миллион сом турат. Бирок аны алууга өкмөт тарабынан каражат бөлүнбөй жатканын Батырканова кошумчалады. (BCh)

XS
SM
MD
LG