Өзгөн райондук мамлекеттик администрациянын башчысы, аким Аттокур Тажибаевге Ош-Бишкек стратегиялык жолун бууган улак тартыш үчүн эскертүү берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнөн кабарлады.
3-январда улак тартыштын айынан Бишкек-Ош жолунун мелдеш өтүп жаткан участогунда 10 чакырымга созулган унаа тыгыны пайда болгон.
Өзгөндөгү унаа тыгыны социалдык түйүндөрдө кеңири талкууланган. Көпчүлүгү тыгындын себепкерлерин жазалоону талап кылышкан. (КЕ)