Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:56

Москванын Пресненск соту Навальныйдын Чайкага доосун кароодон баш тартты


Сот коррупцияга каршы күрөшүү корунун жетекчиси Алексей Навальныйдын баш прокурор Юрий Чайкага жана “Эхо Москвы” радиостанциясына карата арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу соттун маалымат катчысы Нина Юркова билдирип, бирок ал баш тартуунун себептерин түшүндүргөн жок.

Буга чейин Чайкага карата Навальныйдын доосун кароодон Москванын Гагарин, жана Останкино соттору дагы баш тарткан болчу. Навальный жетектеген фонд баш прокурор Чайканын үй-бүлөсүнүн мыйзамсыз иштери тууралуу иликтөө жарыялап, ага укук коргоо жана сот органдары көңүл бурушу керектигин айткан болчу.

XS
SM
MD
LG