Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Орусияда чиновниктердин жубайларына ишкердикке тыюу салынышы мүмкүн


Мамлекеттик Дума
Мамлекеттик Дума

Бул тууралуу тиешелүү мыйзам долбоору Орусиянын Мамлекеттик Думасынын кароосуна коюла турган болду. Мындай демилгени Думадагы Коммунисттер партиясы менен Либерал-демократтар партиялары ар кимиси өз-өзүнчө көтөрүүдө. Шейшемби күнү мамлекеттик кызматтагылардын жубайларына ишкердик менен алектенүүгө тыюу салуунун шарттарын караган мыйзам долбоору Думанын кароосуна келип түштү. Ага ылайык, эгерде жогорку кызмат адамынын жакын туугандары, биринчи кезекте өмүрлүк жубайы ишкердик менен алектене турган болсо, анда ал адам кызматын бошотуп берүүгө тийиш экени көрсөтүлгөн. Андан мурун либерал-демократтар партиясы мына ушуга окшош эле мыйзам долбоорун сунуштаган болчу.

XS
SM
MD
LG