Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:24

Ооган бийлиги тынчтык сүйлөшүүнү четке какпоого талиптерди үндөдү


Талип согушкерлери.
Талип согушкерлери.

Ооганстандын тышкы иштер министринин орун басары Хекмат Карзай тынчтык сүйлөшүүнү четке кагуунун натыйжасы кейиштүү болорун эскертти. Хекмат Карзай мындай билдирүүнү Ооганстанда тынчтык орнотуу боюнча төрт тараптуу сүйлөшүүлөр Исламабадда аяктагандан кийин 12-январда жасады.

11-январдагы сүйлөшүүгө катышкан Ооганстан, АКШ, Пакистан жана Кытай Ооганстанда туруктуу тынчтык орношуна кызыкдар деп айтты Хекмат Карзай. Ал көпчүлүк талиптер тынчтыкты кааларын, аны орнотуу үчүн бардык аракеттер жасаларын билдирди. Ооганстандагы согуш “оогандыктардын ортосундагы согуш эмес”, ага чет өлкөлүк “элементтер аралашкан”, деди Карзай.

Расмий Кабул талиптер Пакистандан колдоо алат деп айыптап келет. Өз кезегинде расмий Исламабад аны четке кагат. 11-январдагы сүйлөшүүгө талиптер чакырылган эмес. Кезектеги сүйлөшүү 18-январда Кабулда болмокчу. Ал да талиптерсиз өткөрүлөт. (AiT)

XS
SM
MD
LG