Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:41

Кыргызстан менен Кытай темир жол курууну талкуулады


Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, 12-январда премьер-министр Темир Сариев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюйдү кабыл алды. Анда кытай тарап Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун кууш вариантын жактарын билдирген.

Эки тарап ошондой эле Ысык-Көлдүн айланма жолун оңдоо, Кытайдагы ашыкча өнөр жай ишканаларын Кыргызстанга которуу жөнүндө сүйлөшкөн. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолунун эни боюнча маселе жолдун курулушун баштоо жөнүндөгү меморандумдун Бээжинде кол коюлушуна өткөн жылы тоскоолдук кылганы маалым. Кыргызстан темир жол СССРдин стандартына ылайык кеңири вариантта болуш керектигин жактап келаткан. (AiT)

XS
SM
MD
LG