Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:59

“Суфлер” спектакли Лондондо коюлат


Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры Султан Раевдин “Суфлер” спектакли менен Эл аралык Лондон театралдык фестивалына катышууга чакыруу алды. Бул тууралуу аталган театрдын жетекчиси Эгемберди Чалабаев кабарлады.

Жаштар театры Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Султан Раевдин “Суфлер” драмасын 2015-жылы сахналаштырып, 6-мартта бет ачарын өткөргөн. Аталган спектаклде өнөр адамынын татаал психологиясы, ички жан дүйнөсүнүн драмасы, турмуштук коллизиясы, анын турмуштук коомдогу орду театрдын өзгөчө тили жана формасы менен берилген. Башкы ролду Кыргызстандын Эл артисткасы Назира Мамбетова аткарат. Эл аралык Лондон театралдык фестивалы октябрь айында өтөт. (ZA)

XS
SM
MD
LG