Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:13

Пакистан: шалга каршы күрөшүү борборунда жардыруу болду


Бүгүн Пакистандын Кветта шаарындагы жардырууда ондогон адам жабыр тартты. Би-Би-Синин кабарлашынча, 14 киши мүрт кетип, 20 киши жараат алган. Ал эми “Франс пресс” агенттиги өлгөндөрдүн саны 15 экенин жазды. Набыт болгондордун 12си полиция кызматкери болгон. Бирөө жергиликтүү депутат, экөө жайкын тургун.

Жардыруу шал оорусуна каршы мамлекеттик борбордун жанында болгон. Ушул күндөрү Белужистан (борбору Кветта шаары) провинциясында шал оорусуна каршы эмдөө жүрүүдө. Азырынча жардыруунун себептери айтыла элек.

Согушкерлер "Батыш эмдөөгө жамынып, мусулман балдарды тукумсуз кылып жатат" дешет. Пакистан балдардын шал оорусу кеңири тараган өлкөлөрдүн бири. (КЕ)

XS
SM
MD
LG