Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:11

Пакистандын Ооганстандагы консулдугуна кол салынды


Ооганстандын коопсуздук күчтөрү Пакистандын Жалал-Абад шаарындагы консулдугуна кол салуудан кийин имаратта бекинип алган эки согушкерди өлтүрүштү.

Ооган ички иштер министринин орун басары генерал Аюб Саланги шаршембиде маалымдагандай, куралчан адамдар жанкечтинин жардыруусунан кийин бош турган конок үйүндө жашырынышкан.

Төрт саатка созулган ок атышуу жана согушкерлерди колго түшүрүү операциясы маалында жети аскер мерт кетти, дагы жетөө жарадар болду. Нангархар провинциясынын администрация өкүлү карапайым үч киши да жараат алганын маалымдады. Азырынча кол салууну ким ишке ашырганы белгисиз.

Өткөн аптада Индиянын Мазари-Шарифтеги консулдугуна чабуул койгон үч согушкер аскерлер тарабынан атып өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG