Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Түркияда радикал уюмдун мүчөсү деп шектелген орус жарандары кармалды


Түркиянын Анталия шаарында Орусиянын үч жараны «Ислам мамлекети» радикал тобу менен байланыштары үчүн шектелип кармалды. Алардын үйүн тинтүү учурунда бир топ документтер менен дисктер алынды.

Орусиянын Анталиядагы Башкы консулдугу орус жарандарын камакка алуу тууралуу кабарды бышыктап, анын себеби такталып жатканын билдирди. Орусиялыктар кечээ он кишинин өмүрүн алып кеткен Стамбулдун борборундагы катуу жардыруудан көп узабай кармалды. Бирок ошол шектүүлөрдүн терактка тиешеси айтыла элек.

Буга чейин түрк премьер-министри Ахмед Давутоглу туристтик жайда өзүн өзү жардырып жиберген жанкечти «Ислам мамлекетинин» мүчөсү болгонун, Түркияга Сириядан келгенин айткан эле.

Набыт болгон 10 кишинин бардыгы чет өлкөлүк туристтер болчу, жараат алган 15 кишини көбү да чет элдиктер.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин ноябрда тараткан маалыматына ылайык, жихадчылардын катарында согушуу үчүн Сирияга кеткен орусиялыктардын саны 2 700дөн ашкан. Алардын 160тайы каза болгон, 73ү мекенине кайтып келип соттолгон, 36сы камалган.

XS
SM
MD
LG