Орусиялык оппозиционер, политолог, публицист жана котормочу Владимир Прибыловскийдин сөөгү Москвадагы үйүндө табылды. Алгачкы маалыматтар боюнча, ал болжол менен инфаркттан көз жумган. Маркум 59 жашта болчу, ал көп жылдардан бери кант диабетинен жабыркап жүргөн.
Прибыловский "Панорама" деген маалымат изилдөө борборунун төрагасы болчу, "Антикомпромат" интернет басылмасын жана "Субтропикалык Орусия" деген партияны жетектеп келген.
2007-жылы “Антикомпроматта” ФСБнин Москва шаары боюнча башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Анатолий Тимофеев менен жубайынын киши колдуу болушуна тийиштүү материалдар жарыялангандан кийин прокуратура "мамлекеттик сырды ачыкка чыгаруу" беренеси боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн алкагында анын үйүн тинткен.
2010-жылдын мартында маркум оппозициянын “Путин кетиши керек” деген кайрылуусуна кол койгондордун арасында болгон. Прибыловский 40 чакты китепти жазууга жана түзүүгө катышкан.