Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Стамбулдагы жардырууну Түркиядан башпаанек сураган саудиялык ишке ашырган


Жарылуу болгон жерде
Жарылуу болгон жерде

Шейшембиде Стамбулда бомба жардырган жанкечти Сауд Арабиянын жараны болчу. Түркиялык "Хүрриет" гезитинин жазганына караганда, 28 жаштагы Набил Фадли бир нече күн мурун Түркияда башпаанек берүү арызын тапшырып, миграция борборунда жашап келаткан.

Мунун алдында жанкечти “Ислам мамлекети” радикал тобунун мүчөсү, Сирия жараны болгону маалымдалган.

12-январда Стамбулдун тарыхый борборундагы теракттан чет өлкөлүк 10 турист, негизинен германиялыктар каза болуп, 15 киши жараланган. Алардын көбү да немис жарандары.

Шаршембиде Анкарага келген Германиянын ички иштер министри Томас де Мезьер азырынча кол салуу германиялык жарандарга каршы багытталган деген далилдер жок деп айтты.

Ал тапта Конья, Измир жана Анталья аймактарында радикалдардын уюмуна мүчө деп шектелген бир нече киши, арасында үч орусиялык кармалды, жихадчылардын документтери, курал-жарак табылды. Орусия жарандарынын кармалышын ал өлкөнүн Антальядагы Башкы консулдугу бышыктады.

XS
SM
MD
LG