Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:20

Кыргызстанга Пакистандын энергетика жана суу ресурстары министри келди


Министр Ходжа Мухаммед Осифти 13-январда өкмөт башчы Темир Сариев кабыл алды. Анда Темир Сариев Кыргызстан CASA-1000 долбоорунун алкагында алган милдеттерин аткарат деди. Ал эми Пакистан тарап электр энергиясын импорттоочу мамлекет катары долбоордун ишке ашуусуна кызыкдарлыгын билдирген. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. CASA-1000 долбоорун эл аралык финансылык уюмдар колдоп келатат. Ал аркылуу Кыргызстан, Тажикстандан Ооганстан жана Пакистанга электр энергиясын экспорттоо каралган. (AiT)

XS
SM
MD
LG