Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:55

Азербайжанда каатчылык нааразылык толкунун жаратты


Бала Бехменли айылындагы нааразылар. Азербайжан. 13-январь, 2016-жыл
Бала Бехменли айылындагы нааразылар. Азербайжан. 13-январь, 2016-жыл

Мунайга бай бул өлкөдө баалардын өсүшү, жумушсуздук 13-январда нааразылык акцияларын пайда кылды.

Бир нече шаарларда көчөгө чыккандар кармалып, тартипти камсыздоо үчүн аскерлер жөнөтүлдү. Нааразылык толкуну улуттук валюта манат күчүн кескин жоготуп, Азербайжандын негизги экспорттук товары мунайдан кирешесинин кыскаруусуна байланыштуу келип чыкты. Физули, Аква, Кабарди, Сиазан жана Ленкоран райондорунун тургундары азык-түлүккө баанын өсүшүнө нааразылыгын билдирип, көчөгө чыкты. “Азаттыктын” азербайжан кызматы Сиазан районунда эле 55 киши кармалганын маалымдады. (AiT)

Азербайжан, Сиазан

XS
SM
MD
LG