Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

MH17 учагы кыйроосунда өлгөндөрдүн жакындары негизги далилдерди талап кылды


2014-жылы июль айында Украинанын Донецк облусунда MH17 каттамы жерден ракета менен атып түшүрүлүп, андан аба кемесиндеги 298 кишинин баары набыт болгон.

Учактын кыйроосунда өлүмгө учурагандардын жакындары кылмышты ашкерелеген негизги далилдерди ачыкка чыгарууну талап кылышты.

Голландиянын коопсуздук кеңеши тараткан маалыматта Боинг-777 учагы Орусияда жасалган ракета менен орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактан атып түшүрүлгөнү белгиленген. Голландияда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга аракет жасалууда. Бирок трагедияда каза болгондордун туугандары Голландия өкмөт башчысына кайрылып, Орусия жана Украина радарларынын баштапкы көрсөткүчтөрү тергөөчүлөргө берилбей жатканына нааразылык билдиришкен. (AiT)

XS
SM
MD
LG