АКШнын коргоо министрлиги бул максатта Иракта атайын күчтөр жайгаштырылганын маалымдады.
Ирак аскерлери Рамади шаарын ИМдин жоочуларынан бошоткондон кийин, күрттөрдүн Пешмерга аскердик тобу менен Мосул шаарын бошотуу планы түзүлүп жатканын АКШнын коргоо министри Эштон Картер 13-январда билдирди.
Кошмо Штаттар жана анын союздаштары Сириядагы Ракка шаарын ИМден бошотуу үчүн Сирия оппозициясына жардам берерин Эштон Картер Кентукки штатында АКШ аскерлерине кайрылуусунда маалымдады. "Биз өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атаган топтордон бул эки чоң шаарды бошотуп, аларды Ирак жана Сирия жеринен жоготууга киришебиз",- деди Эштон. Анын айтымында, "Ислам мамлекетине" каршы күрөшүү максатында түзүлгөн коалиция мүчөлөрүнүн коргоо министрлери менен ал келерки жумада Парижде жолугушуп, күрөштү күчөтүүнү сүйлөшөт. (AiT)