Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:21

Раушан Рыкунованын жаза мөөнөтү убактылуу токтотулду


Бишкектин Аламүдүн райондук соту “Альфа Телеком” иши боюнча айыпталып, соттолгон Раушан Рыкунованын жаза аткаруу мөөнөтүн кийинкиге жылдырды. Мындай чечим анын бойго жете элек балдары бар экенине байланыштуу 13-январда чыкканын адвокаты Икрамидин Айткулов "Азаттыкка" кабарлады:

- Сот жараяны кечки саат беште башталып, үч саатка созулду. Чечим боюнча анын алты жаштагы баласы 14кө чыкканга чейин жаза аткаруу убактылуу токтотулат. Рыкунова бүгүн колониядан чыгып, үйүнө барышы керек.

Бул маалыматты Рыкунова өзү да муну “Фейсбуктагы” баракчасында бышыктады.

Ал сиңдиси Айнура Сим, күйөөсү Владислав Рыкунов менен бирге "апрель окуяларынан кийин “Мегаком” компаниясынан акчаны мыйзамсыз алып кеткен" деген шек менен 2011-жылы июнь айында кармалып, өзү жети, сиңдиси жана күйөөсү алты жылга эркинен ажыратылган болчу.

Рыкунова өзүн күнөөсүз экенин айтып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG