Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бишкек шаарында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлерине курулган үйдүн ачылышына катышып, ачкычтарды тапшырды.
Мамлекет башчы бул мекемедегилердин эмгеги өлкө коопсуздугу үчүн эбегейсиз экенин билдирип, чекисттерге турак-жай куруу иштери улана берерин айтты. Бирок канча кызматкерге үй берилгени, канча бөлмөлүү батирлер экени маалымдалган жок.
2015-жылы да УКМКда иштегендер үчүн Бишкекте көп кабаттуу үй пайдаланууга берилген. (SE)