Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Ат-Башыда бийик тоо жеңилдигин кыскартуу сунушуна каршы жыйын өттү


Бийик тоолуу райондордо иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлердин маянасына кошулуп берилчү 50 пайыздык үстөк акыны 10 пайызга түшүрүү боюнча демилгеден улам Нарындын Ат-Башы районунда бүгүн нааразылык жыйыны өттү. Аймактагы кабарчыбыздын айтымында, ага бюджеттик мекемелерде иштеген 50дөй адам чогулду. Алар өкмөттөн бул демилгени артка кайтарып алууну, болбосо иш ташташарын эскертишти.

Татаал шарттагы аймактарда иштеген бюджеттик кызматкерлердин маянасына кошулуп берилчү 50% үстөк акыны кыскартуу боюнча Жогорку Кеңешке былтыр жоюлуп кеткен Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги сунуш киргизген. Аны Социалдык өнүгүү министрлиги да колдогону айтылган. (MiK)

XS
SM
MD
LG