Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Баткендеги өзгөчө макамы бар айылдарга 100 млн. сом бөлүндү


Баткен облусундагы чек арада жайгашкан өзгөчө макамдагы айылдардын социалдык көйгөйлөрүн чечүү үчүн быйыл бюджеттен 100 млн. сом бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” билдиришти.

Жалпысынан 18 пункттан турган планды ишке ашырууга каралган каражат таза суу, суугат суу менен камсыз кылууга жумшалып, эмкана жана спорттук мекемелер курулат.

Жогорку Кеңештин 2012-жылдагы токтомуна ылайык, Баткен облусундагы чек арада жайгашкан 52 айылга өзгөчө макам берилип, көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечүү үчүн өкмөттүн буйругу чыккан. (JsA)

XS
SM
MD
LG